Борбор калаада коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон турат, оорунун үчүнчү толкуну байкалууда.
Шаар турундары COVID-19 илдетине каршы вакцинасын алууну улантууда.
Бүгүнкү күндө 22491 адам эмдөөдөн өттү.
Урматтуу вакцина алууну каалаган шаардыктар, vc.emed.gov.kg шилтемеси аркылуу онлайн режиминде жазылууга болот.
Катталуу үчүн, "Электрондук кезек" бөлүмүн тандап, андан кийин сунушталган талааларды толтуруп, өзүңүзгө жакын эмдөө пунктун тандап, ошондой эле сиз үчүн ыңгайлуу датаны жана убакытты көрсөтүшүңүз керек. Керектүү талааларды толтургандан кийин, электрондук кезекке алынган билетиңизди уюлдук телефонуңузга жүктөп алсаңыз жана керек болсо көрсөтсөңүз болот.
COVID-19 илдетине каршы эмдөөгө электрондук түрдө жазылуу менен вакцинация жүргүзүү участокторундагы элдин санынын азайтып, вакцинация кылууну каалагандарга убактысын пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле эмдөө кызматын алууда керексиз карым-катыштын санын кыскартат.
"Гам-Ковид-Вак" (Sputnik V) вакцинасы менен эмдөөнү төмөнкү жерде жүргүзүлөт:
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 32 55 71; 0550 701 002-Дилара Табалдиевна Искакова;
- Октябрь районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 57 09 15; 0703 293 793 - Саадат Акматбековна Куттубаева, ОЗМиД директорунун орун басары;
- Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №2- Үй-бүлөлүк медицина борбору - 21 03 08; 0553 116 364-Саадат Бекбаевна Уралиева, башкы дарыгердин орун басары;
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №7- ҮМБ, - 62 09 62 Айза Урустомовна Солтогулова, башкы дарыгердин орун басары;
- Свердлов районун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №8- ҮМБ - 43 39 03; 0551 117 744- Анара Мукашевна Шакеева, башкы дарыгер.
Бардык суроолор боюнча Вакцинациянын ишеним телефонуна кайрылыңыздар: 31 32 97, ошондой эле Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Иммунопрофилактика бөлүмүнүн телефон номурлары: 0500 303 343, 54 65 21, 54 61 04.
Эмдөө алууну каалаган адамдардын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ЭЭАда COVID-19 эмдөөсүнүн базасына киргизилет.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын аймагында эмдөө бөлмөлөрү ишин улантууда, анда Sinopfharm жана Спутник V вакциналарынын экинчи дозалары менен эмдөө жүргүзүлөт.
Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат.
Бардык суроолор боюнча Вакцинациянын ишеним телефонуна: 313297, ошондой эле Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Иммунопрофилактика бөлүмүнүн номурларына: 0708 521 710, 54 65 21, 54 61 04 байланышыңыздар.
Эмдөө акысыз жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт!