Муниципалитеттин имаратында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун "Скай Индустриал Групп" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева, компаниянын коммерциялык директору Ак-Мөөр Жанболотова менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар компаниянын эсебинен борбор калаанын социалдык объектилеринин бирине лифт жабдууларын орнотуу маселесин талкуулашты.
Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында лифт жабдууларын жана акыркы муундагы жүк көтөрүүчү механизмдерди чыгаруучу биринчи жогорку технологиялуу көп тармактуу заводду ачуу пландаштырылып жаткандыгын билдиришти. Технологиялык линия Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстандын адистери менен биргеликте иштелип чыккан. Лифттердин техникалык параметрлери: көтөрүү мүмкүнчүлүгү 1 миң кгга чейин, лифт 5ке чукул токтоо жүргүзө алат.