Шаардык транспорт башкармалыгы борбордогу автотранспорт ишканалары, компаниялары жана «БПЦ КГ» ЖЧКсы, «Греммери Прожект» ЖЧКсы, «Эко Жүргүгчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Катышуучулар талкуулаган биринчи маселе - коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү болду. Бардык ташуучу компанияларга айдоочулук курам менен иштөө жана санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле автоунаалардагы дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө билдирүүлөр берилди.
"Коомдук транспортто электрондук билет" долбоорун ишке ашырууда Бишкек шаарынын мэриясынын жеке өнөктөшү "БПС КГ" ЖЧК компаниясынын өкүлдөрү презентация жасашты. Компаниянын өкүлдөрү “Тулпар” транспорттук картасын пайдалануу менен борбордогу коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай эмес төлөмгө өтүү принцибин сунуш кылышты. Ошондой эле, Бишкек шаарынын автотранспорт ишканаларынын жетекчилерине коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай эмес эсептешүүгө өтүүнүн шарттары түшүндүрүлүп, өтүү үчүн керектүү шаймандардын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө айтып беришти.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактап, беткап тагынып, антисептик каражаттарын колдонууну суранат. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!