Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Бишкек шаарында иштеп жаткан бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, алар менен борбордо коронавирус илдетин мындан ары жайылышына жол бербөө чараларын күчөтүү маселесин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын вице-мэри ишкерлерге санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын эскертип, кызматкерлер жана коноктор менен профилактикалык иштерди жүргүзүү жөнүндө сөз кылды.

Виктория Мозгачева бизнес өкүлдөрүнө вакцина келгенден кийин, вакцина алууну каалаган кызматкерлердин тизмесин райондук акимчиликтерге же шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыктарына калтыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдады. Эгерде тизмеде эмдөөдөн өтүүнү каалагандардын саны кеминде 20 адам болсо, анда мобилдик топ талап кылынган жерге барышат.

Кеңешменин жыйынтыгында райондордун мобилдик топторуна белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик чараларды күчөтүү тапшырылды.

Урматтуу щаардыктар! Бет кап тагынып, колуңузду антисептик каражаттары менен тазалап, аралыкты сактаңыздар. Өзүм билемдик менен дарыланбаңыздар, ден-соолугуңузду сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыздар. Эгерде сиз ооруп жатканыңызды сезсеңиз, ҮМБнын дарыгерлери менен кеңешип же: 118 чалуулар борборуна кайрылыңыздар. Дарыгерлер ар дайым сизге керектүү жардамды берүүгө даяр. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Белгиленген ченемдерди бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартыларын эсиңиздерге салабыз.