Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун Алтай Республикасынын Спорт комитетинин төрагасы Олег Гурин менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле, Алтай Республикасынын дене тарбия жана спорт комитети менен Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум элдин жана жаштардын арасында сергек жашоо образын, дене тарбия жана спортту жайылтуу жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында кол коюлган.