Биринчи май районунун акими М.Нусувалиевдин төрагалыгы астында МАБтын башчылары жана райондук кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары менен пландоо кеңешмеси болуп өттү.

Катышуучулар Биринчи май районунун аскер комиссариатынын жазгы чакыруусун, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын жашыл аянттарды сугаруу боюнча жүргүзгөн иштерин жана райондогу коомдук-саясий кырдаал боюнча маалыматты карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Биринчи май районундагы «Бишкекжашылчарба» ишканасынын агрономуна жашыл аянттарга өз убагында суу берүү ишин көзөмөлгө алуу, ошондой эле райондун аймагында жайгашкан сугат каналдарынын санын, айрыкча оңдоо иштери талап кылынган жерлер жөнүндө маалымат берүү тапшырылды.

Биринчи май районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Бишкек шаарындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын региондор аралык башкармалыгы менен биргеликте райондо жайгашкан май куюучу жайларды өрт коопсуздугуна шайкештигин текшеришет.