Шаардыктар тарабынан "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгына көп кайрылган суроолордун бири бул канализация тутумунун тыгыны.

Бүгүн, 16-июнда "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын тобу ушул сыяктуу көйгөйдү чечүү үчүн: Жал 23 кичи райоунундагы 86-үйгө чыгышты. Канализация тутумунун тыгылышынан улам көп кабаттуу үйдүн батирлеринин бирин суу каптап жабыркаган.

Канализация тутумун башка максаттарга колдонуудан улам, мындай кырдаалдар көп кездешет. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары тыгын пайда кылуучу гигиена каражаттарын, чүпүрөк, оюнчуктарды жана башка буюмдарды канализация тутумуна салууда. Мындай жоопкерчиликсиз мамиленин айынан көп кабаттуу үйлөрдүн бардык жашоочулары жапа чегүүдө.

Урматтуу шаардыктар, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары! Сууну пайдалануу жана канализациянын эрежелерин сактоону, жагымсыз жагдайлардын алдын алуу үчүн канализация тутумун өз максатына ылайык пайдаланууну суранабыз.