Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы №3- №7- үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун оңдоо иштерине тендер жарыялайт.
Жумуш башкармалыктын 2021-жылга каралган планынын негизинде жүргүзүлөт. Оңдоо иштеринин жалпы суммасы 3296,0 миң сом. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.
№3- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (Логвиненко көчөсү, №30) чатыры жана ички бөлмөлөрү оңдолот. Сметалык баасы 1 765,0 миң сомду түзөт.
№7- Үй-бүлөлүк медицина борборунда (Тоголок Молдо көчөсү, №3/1) сметалык баасы 1 531,0 миң сомду түзүп. Жалпы курулуш иштери талап кылынат.
Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Тендерлер жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg