Борбор калаанын муниципалитетинде Сулайманов Залкарбек Жусупович кызды сактап калгандыгы үчүн сыйланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамотасын мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тапшырды. Мэр камкор атуулга кайраттуулугу жана жигердүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, окуя 2021-жылы 10-июнда Аламүдүн-1 кичи районунда болгон. Ал учурда жолдон өтүп бара жаткан адам каналдын ылдам аккан суусуна чөгүп бара жаткан кызды сактап калган.
Урматтуу шаардыктар! Балдарды көлмөлөрдүн жана каналдардын жанында кароосуз калтырбоону суранабыз. Өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүздөр!