Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Чыгыш-5 кичи районундагы олимпиадалык резервдеги балдар жана жаштар үчүн адистештирилген спорт мектебинин курулушун текшерди.

Текшерүүгө Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев дагы катышты.

Имараттын темир каркасы буга чейин даяр. Аянты эки миң чарчы метрден ашкан имаратта үч спорт зал, кийим алмаштыруучу жайлар, кеңселер жана душ бөлмөлөрү жайгашкан. Имараттын аймагы жашылдандырылат, долбоор тротуарларды жана асфальт төшөөнү, ошондой эле газондорду камтыйт.

Курулуштун баасы 50 миллион сомдон жогору.

Вице-мэр келишим түзгөн «Бийик KG» компаниясына объектинин курулушун тез арада бүтүрүүнү тапшырды.