Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Бакетаев Алмаз Кушбекович башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Ырсалиев Жамалбек Самарбекович Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча биринчи вице-мэр болуп дайындалды, буга чейин вице-мэр кызматын аркалап келген.

Сазыкулов Максатбек Шекербекович борбор калаанын экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэри болуп дайындалды дайындалды.

Буга чейин ал Орус-Кыргыз Фондусунун Өнүктүрүү Департаментинин Уюштурууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.


Ырсалиев Жамалбек Самарбекович

Сазыкулов Максатбек Шекербекович