Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 19-июндан баштап Месарош көчөсү Ден-Сяопин проспектисинен Джамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылат.

Оңдолуучу бөлүктүн узундугу 600 метрди түзөт. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 11,5 метрди түзүп, сугат арыктары орнотулуп, 1,5 - 2,25 метрлик тротуар төшөлөт.

Оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Чеч-Төбө жана Селсовет көчөлөрүн альтернативалык каттам катары кароого болот.

Месарош көчөсү Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолуп жатат. Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында, Бишкек шаарында узундугу 70,87 км болгон 60 көчөнү реконструкциялоо, 630,000 чарчы метр жолдун катмарын жаңылоо, болжол менен 130 километр тротуарларды куруу, 46 миң ирригациялык лотокторду алмаштыруу каралган. 2021-жылга 44 көчөнү, 2022-жылга 16 көчөнү куруу иштери пландаштырылган.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларына суранат.