Свердлов районунда Бишкек шаарынын шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын экинчи ирээт шайлоону даярдоодо, өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө материалдык-техникалык жактан камсыздап,  көмөк көрсөтүү боюнча райондук штаб өткөрүлдү.

Штабдын мүчөлөрү шайлоо участокторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана ар бир шайлоо участкасында шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылууну  жана башка маселелерди  талкуулашты.

Аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген шаардык кызматтар менен биргеликте бардык участкалык шайлоо комиссияларын компьютерлер, принтерлер, байланыш каражаттары, генераторлор жана башка керектүү шаймандар менен өз убагында камсыздоо боюнча көрсөтмөлөр берилди жана райондун муниципалдык кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна кийлигишпөөсү өзгөчө белгиленди.