Коронавирус пандемиясына байланыштуу мобилдик топтор Бишкек шаарынын коомдук транспортторунда санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү боюнча ишин улантышууда.
Бүгүнкү текшерүүгө "Бишкектроллейбусбашкармалыгы" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров катышты.
Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери эл көп топтолгон аялдамаларда өттү. Бул рейддер жумасына эки жолу болуп турат.
Биз 122 троллейбусту текшердик, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү маска режимин сактабай жаткандыгын байкалды.
Пандемиянын шарттарын биринчи ирет бузгандарга эскертүү берилет, бир нече жолу бузулса Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактап, беткап кийип, антисептик каражаттарын колдонууну суранат. Өзүңүздөргө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!