Буу казандарды алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоонун бири жылуулук менен камсыздоо булактарында техникалык тейлөө жүргүзүү болуп саналат.
Учурда "Бишкекжылуулкэнерго" коммуналдык ишканасынын адистери “Жал” кичи районунда 7139 адамды ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылган "Ротор" ири буу казандарынын бирин даярдап жатышат.
Кызматкерлер буу казандарын, кубаттоочу насосторду, жылуулук алмаштыргычтарды, тармактык насосторду, электр жабдууларын жана приборлорду, муздак суу насосторун, күч берүүчү насосторун, Na-катион чыпкаларын жана алардын түтүктөрүн, акумулятор бактарын ачып тазалап оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Жалпысынан ишкананын балансында 66 буу казан бар.
"Бишкекжылуулукэнерго" 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Коммуналдык кызмат тейлеген абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр бар. Ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушу.
Урматтуу шаардыктар! Жылуулук менен камсыздоо боюнча кайрылууларды ишкананын 21-28-47 номерине калтырсаңыздар болот.