Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында 112 маселе каралып, анын ичинен 453 миң 639,45 сомго жалпы аянты 2587,75 чарчы метр болгон 91 ижара келишимдери түзүлдү.

Октябрь районунда 29 келишим , Биринчи май - 11, Свердлов - 34 жана Ленинский - 12 келишим.

Жарнак конструкциялары боюнча 5 ижара келишиминин ичинен 4 келишим түзүлдү. Жалпы аянты 212 чарчы метр.

51 чарчы метр жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн ири ижарачы менен дагы бир келишим түзүлдү.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Жерди пайдалануунун жана куруунун эрежелерин сактоону, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп берүүнү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына  Бишкек шаары, Чокморов көчөсү № 246, телефон: (0312) 45-42-73 дарегине кайрылсаңыздар болот.