Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу, ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иш-чараларды уюштуруу максатында, Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары С.Мырзакматовдун төрагалыгы астында райондук штабдын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Штабдын мүчөлөрү соода жана башка ишкердиктин субъекттерине санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чараларын уюштурууну, ошондой эле коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин, бет кап кийүү зарылдыгын, аралыкты сактоонун жана илдеттин алдын алуу иш-чараларын талкуулашты.

Жыл башынан бери санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды аныктоо боюнча коомдук тамактануу жайларында, базарларда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 132 текшерүү жүргүзүлдү. 9 санитардык эскертүүлөр берилип, жалпы суммасы 114 миң сомго 32 протокол (24000 сом суммасында 150-берене боюнча 8 протокол жана 92000 сом суммасында 293-берене боюнча 24 протокол) түзүлдү.

Урматтуу ишкерлер, белгиленген эрежелерди жана тартиптерди сактоону суранабыз!