Өткөн дем алыш күндөрү Россиянын күнүнө карата Ч.Айтматов атындагы сейил бакта жана Орус драма театрында ачык асман алдында орус маданиятынын "Орус жаны"  аттуу фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалдын конокторун Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева куттукташты.

Фестивалдын коноктору үчүн: концерт, орус товарларынын жарманкеси, орус ашканасынын даамын таттыргын гастрономиялык фестиваль, экскурсиялар, оюндар, мода көрсөтүүлөрү, балдар үчүн спектакль, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, "Россиянын тегерек бийи" интерактивдүү программасы даярдалды.

Күн бою сүрөтчүлөр, бийчилер, аткаруучулар, орус жомокторунун жаркын каармандары балдарды жана чоңдорду бай интерактивдүү программа менен кубантышты.

Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен өттү. Активдүү уюштуруу жардамын Кыргызстандагы орус мекендештеринин Координациялык кеңеши, "Мекендештер союзу" коомдук уюму тарабынан көрсөтүлдү.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өттү.