Ленин районунун жыйындар залында аким Мелис Оскомбаевдин жетекчилиги алдында шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилерине БШК депутаттарын кайрадан шайлоону даярдоого жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү үчүн райондук штабдын жыйыны өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын дайындалган райондук, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба субъекттеринин башчыларына шайлоо участокторун кыдырып, УШКларды 2021-жылдын 25-июнуна чейин тийиштүү материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча иштерди бүтүрүү тапшырылды.
Ошондой эле, кызматкерлер арасында участкалык шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү фактыларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.