"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы конуштардын жол жээгин тегиздөө боюнча жигердүү иш алып барышууда.
2021-жылга шагыл төшөө боюнча титулдук тизмеде узундугу 40.030 погон метр болгон 61 көчө бар.
Ленин районунда М.Казиев көчөсүн Муромский көчөсүнөн Циолковский көчөсүнө чейинки жолго шагыл төгүлүп, тегизделди. "Ак-Ордо" жаңы конушунун Садыр-Аке көчөсүндө ы Долон-Бий көчөсүнөн Гүл-Ордо көчөсүнө чейин жумуштар аяктап калды. Ак-Ордо көчөсүнүн Долон-Бий көчөсүнөн Гүл-Ордо көчөсүнө чейин шагыл төшөө иштери башталды.
Ленин районундагы төмөнкү көчөлөргө шагыл төгүү пландалууда:
- Тайлак-Баатыр көчөсү Гагарин көчөсүнөн Сокулук районунун Жеңиш көчөсү менен чек арага чейин;
- Кочкор-Ата көчөсү Гагарин көчөсүнөн Сокулук районунун көчөсү менен чектешкен жерге чейин;
- Солтон-Сары көчөсү Көк-Асаба көчөсүнөн Ак-Ордого чейин;
- Кырк-кыз көчөсү М.Өмүракуновдон Каховскаяга чейин ("Ак-Өргө" турак-жай массиви);
- Кербез көчөсү М.Өмүракунов көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин;
- Кун көчөсү Ашар көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин;
- Ай көчөсү М.Өмүракунов көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин;
- №4 МАБ;
- Абдрахманов көчөсү Ж.Шералиев көчөсүнөн А.Чортеков көчөсүнө чейин;
- Сары-Булуң көчөсү Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Күйүков көчөсүнө чейин;
- Кара-Кужур көчөсү Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешикке чейин;
- Садыбакасов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Күйүков көчөсүнө чейин;
- 15- көчө Абдрахманов көчөсүнөн Жаңы-Турмуш көчөсүнө чейин.
Октябрь районунда шагыл төгүү иштери "Алтын-Ордо" жаңыв конушунда № 1, 4, 5, 7 жана 9 көчөлөрүндө ЧЧКнан көчөлөрдүн аягына чейин, ошондой эле Шаты көчөсүндө Кара-Жыгачтан Субан-Ата көчөсүнө чейин жана Каркыра көчөсү Кожояр көчөсүнөн Сары-Жаз көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Жолдорду түздөө иштери Берекет көчөсүндө Оберон көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин башталды.
План боюнча төмөнкү көчө бөлүктөрүнө шагыл төгүлөт:
- 2-чи көчө Маматкуловдон Анкарага чейин("Рухий-Мурас" турак-жай массиви);
- 6- көчө Маматкулов көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин;
- Бакай көчөсү Кара-Жыгачтан Кожомкул көч. чейин;
- Кыдыр-Аке көчөсү Анкара көчөсүнөн Исакеев көчөсүнө чейин;
- Молдокулов көчөсүндөгү таштанды аянтчасы (№182 мектепке чейинки билим берүү мекемеси);
- Чар көчөсү Конорчок көчөсүнөн 7-апрелге чейин ("Көк-Жар" турак жай массиви);
- Шапак көчөсү Молдокулов көчөсүнөн Керемет көчөсүнө чейин.
Жакынкы күндөрү Биринчи май районунун турак-жай конуштарындагы жолду тегиздөөнү баштоо пландаштырылууда. Титулдук тизмеге райондун төмөнкү көчөлөрүнүн бөлүктөрү кирет:
- Кызыл-Алма көчөсү ЧЧКдан Көкчетай көчөсүнө чейин ("Салам Алик" турак-жай конушу);
- Жерге-Тал көчөсү ЧЧКдан Көкчетай көчөсүнө чейин ("Салам Алик" турак-жай конушу);
- Эркин-Сай көчөсү Манас көчөсүнөн Көкчетай көчөсүнө чейин ("Салам Алик" турак-жай конушу);
- №14 МАБ;
- Мурас көчөсү Үмүт көчөсүнөн Мыскал көчөсүнө чейин ("Көлмө" турак-жай массиви);
- Максат көчөсү ("Көлмө" турак-жай массиви);
- Кулиев көчөсү ЧЧКдан Максатка чейин ("Колмо" турак-жай массиви);
- Пригородный-4 көчөсү Новаядан Боталиевге чейин (Жеңиш турак-жай массиви);
- Боталиев-1 көчөсү Пригородная-2ден Пригородная-3кө чейин (Жеңиш турак-жайы);
- Скандинавия көчөсү Ленская көчөсү Коммунарий көчөсүнө чейин;
- №15 МАБ;
- "Тынчтык" жаңы конушу Тынчтык-8 (Жеңиш);
- "Тынчтык" жаңы конушу Тынчтык-9 (Ынтымак);
- "Балбан Таймаш" жаңы конушу. Профсоюз көчөсүнөн Балбан Таймаш-12 көчөсүнө чейин, унаа жуучу жайга чейин;
- № 16 МАБ;
- "Ак-Босого" жаңы конушу: Чүй-11 (420), Чүй-6 (400) көчөсү;
-№81 мектепке баруучу Безымянный көчөсүнүн эки тарабы тең (Ак-Босого турак-жайы);
- "Калыс-Ордо" жаңы конушу , 103 көч;
- "Мурас-Ордо" жаңы конушу, 13 көч.
Свердлов районунда Ак-Тилек жаңы конушундагы үч көчөгө шагыл төгүлгөн: Мажүрүм-Тал Ак-Тилектен Жерге-Тал көчөсүнө, 2- чи жана 8-чи көчөлөрүнө чейин. Ошондой эле төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрүндө иштерди жүргүзүү пландаштырылууда:
- №19 МАБ;
- Ж.Огонбаева көчөсү Мин-Булак көчөсүнөн Учкун 6, Кайыңды көчөлөрүнө чейин ("Учкун" конушу);
- №20 МАБ;
- 5-көчө МЧКдан Широкая көчөсүнө чейин ("Кайыңды" турак-жай конушу);
- Широкая, 11 көчөлөрү №1 участоктон № 16к участокко чейин ("Керамика" турак-жай массиви);
- "Дачная-Керченская-Суворов-БЧК" турак-жай конушу, Сүйүмбаев көч. (эски жол) Суворов көч.;
- "Ак-Тилек Турбаза" жаңы конушу;
- "Кызыл куруучу" конушу, №78 кварталы;
- "Ак-Бата" конушу, Орто көчөсү Айланма жолдон № 14 көчөгө чейин;
- "Дордой" конушу, № 3 көч.;
- "Дордой" конушу, Ибраимов 6, Дордой 17 көч.;
- "Келечек" конушу, №4 көчөсү Келечек 15 көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейин;
- "Бакай-Ата" конушу Алмамбет көч., Ж.Нургазиев көчөсүнөн . Бакай-Ата көчөсүнө чейин жана Анар көчөсүнөн Ак-Уул көчөсүнө чейин.