10- июндан 15- июнга чейин турак үйлөрдү ысык суу менен камсыз кылуу тутумундагы жылуулук трассаларында жана от кана жабдыктарында гидро сыноо жүргүзүлөт.

Сыноо "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы тарабынан оңдоо- алдын алуу иштери аяктагандан кийин өткөрүлөт.
Урматтуу шаардыктар!

Суу каптап калбоо үчүн суу чорголорунун жарактуу абалын текшерип коюуну суранабыз.

"Бишкекжылуулукэнерго" КИси тарабынан берилген жылуулукка байланыштуу  бардык маселелер боюнча,  21-28-47 телефону аркылуу абонент бөлүмү менен байланышыңыз.

"Бишкекжылуулукэнерго" КИси 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Коммуналдык ишкананын кызматтарын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Анын ичинде: 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 жалпы билим берүү мектептер, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жай, 25 башка бюджеттик уюмдар жана 212 башка керектөөчүлөр бар.

Ишкана шаардын батыш бөлүгүн тейлейт:

"Жал" кичи району, "Газ шаарчасы",  "Аскер шаарчасы" жана " Совмин" конушу.