8-июнь күнү болгон катуу шамалдан 12 бак кулап, 20 чакты бутак сынган.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кулаган бактардын баарын алып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Тилеке каршы 3 адам жабыркады жана 2 автоунаанын үстүнө бутак кулаган.
Эркиндик бульварында "Тайота Камри" үлгүсүндөгү автоунанын айнегин бутак басып калды.
"Бишкек Парк" соода борборунун тушундагы жарнама тактасы дагы кулап түштү. Ал жарнама тактасы ээлери тарабынан алынды.
Ошондой эле Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарнама баннери айрылды.
Тилеке каршы, Турусбеков көчөсүндө начар бекитилген чатыр 60 жаштагы айымдын үстүнө кулап, жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде дагы "Шоро" суусундугун саткан 38 жана 28 курактагы соодагер менен кардардын үстүнө бутак кулаган. Айымдарга медициналык жардам көрсөтүлдү, бирок алар ооруканага баргандан баш тартышты.
Ак үйдүн алдында, Чүй проспектисинде кулаган бактан эч ким жабыркаган эмес.
№49 орто мектеп имаратынын чатырын шамал учуруп кеткен.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!
Сиздерден унааларды бактардын алдына токтотпоону суранабыз! Өзүңүздөргө сак болуңуздар!
Эгерде сиз бак-дарактардын кулаганын көрүп калган учурлар болсо, 1840,1850 номерлерине чалып билдириңиздер. Сүрөттөр жана видеолорду мэриянын What's app каналына жөнөтсөңүздөр болот : 0554182185.