Урматтуу шаар тургундары!
Шаардыктарга, билим берүү уюмдарынын жетекчилерине социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилеринен ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын которуу (жабдууларды сатып алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү ж.б.у.с.) боюнча билдирүүлөр түшүп жатат деген маалымат келип түштү.
Бишкек шаарынын мэриясы эч качан акча чогултуу менен алектенбейт. Шаардык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иштешет. Шаардык муниципалитеттин кызматкерлеринин бири дагы мындай жеке билдирүүлөрдү жазбайт.
Абайлаңыздар! Расмий булактардан маалыматты текшериңиздер! Алдамчылык фактысына күбө болсоңуз, дароо милицияга 102 номерине жана Бишкек шаарынын мэриясынын коррупцияга каршы күрөшүү секторуна 610775 аркылуу кайрылыңыз.