Бишкек шаарынын райондук администрацияларында Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.
Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылык каттарын тапшырды:
- Урумкулова Жылдыз Токтобаевна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын башкы адиси;
- Шаршенова Жанаргүл Бактыгуловна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын башкы адиси.
Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов каржы кызматкерлерине ак ниет жана талыкпаган эмгек, жооптуу жана кесипкөйлүүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.
Райодук администрациянын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын төмөнкүлөр алышты:
-Борончиева Шайыр Жапаровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов райондук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
-Асыкулов Турат Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов райондук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
-Молдусупов Мирлан Куванычбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлигинин Свердлов райондук башкармалыгынын инженер-программисти;
-Бектурова Төлөбүбү Жумабековна - Бишкек шаарынын мэриясынын №20 МАБынын башкы бухгалтери;
-Исраилова Бактыгүл Аскарбековна - Бишкек шаарындагы №21 МАБынын башкы эсепчиси.
Урматтуу финансисттер! Баарыңыздарга чоң ийгиликтерди каалайбыз!