Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистеринин жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын медициналык кызматкерлери “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” аймагын толугу менен дезинфекциялады.
Бардык кеңселер, коридорлор, башкаруу бөлмөлөрү жана троллейбус салондору атайын аралашма менен тазаланды. Мындай каражат барын дезинфекциялайт жана бактериялардын бардык түрлөрүнө каршы аракеттенет.
Иш-чара аталган кызматтын кызматкерлери менен айдоочуларынын арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган. Акыркы күндөрү күчөтүлгөн режимге байланыштуу троллейбустарда жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйдү.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек троллейбустарынын иши тууралу 0500933191 номерине байланышсаңыздар болот.
Урматтуу жүргүнчүлөр! Бардык санитардык коопсуздук чараларын сактоону жана коомдук транспортто беткап кийип жүрүүнү суранабыз. Өзүңүзгө кам көрүп, ден-соолукта болуңуздар!