"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары Чолпон-Ата көчөсүнүн боюндагы көк майсанды кооздшту.
Эми борбор калаанын тургундарын жана конокторун гүлдөрдөн жасалган "Бишкек 2021" жана "Кыргызстан 30 жыл" жазуулары кубантат.
Идеяны ишке ашыруу үчүн 75 830 гүл отургузулду, анын 70 320- колеус, 5 510ну кызыл сальвия. Гүлдөрдү отургузуу жана жазууларды кооздоо үчүн күнөскананын 12 кызматкери тартылды.
Ишкананын кызматкерлери түнкүсүн жашыл аянттарды сугат арыктары жана авто унаа менен сугарууну жүргүзүшүүдө.
Октябрь районунун Карл Маркс, Каралаев, Байтик Баатыр, Малдыбаев, Ахунбаев, Токомбаев, Алматы көчөлөрүндө жана "Физкультурный" паркында көчөттөр сугарылды.
Биринчи май районунда Эркиндик бульварында Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо сейил багында түнкү сугат жүргүзүлдү.
Свердлов районунда багбандар Театралный паркында, Жибек-Жолу проспектисинин боюнда, Гоголь, Ауэзов, Салиев көчөлөрүнө чейин, Достоевский жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде, Чыгыш-5 кичи районунун аянтчаларында жана Мадина базарынын маңдайындагы жашыл аянтчаларды сугарышты.
Ленин районунда авто унаа менен сугаруу Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрү менен Манас проспектиси боюнча жүргүзүлдү.