Ленин райондук администрациясынын жетекчилиги Ленин районунун мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте "Идеал Фарм" ЖЧКсында жолугушуу уюштурушту.
Алар заводдун иши менен таанышып, өз компетенцияларына кирген көйгөйлүү маселелерди чечүүнү жана колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу ачык жана конструктивдүү диалог форматында өттү. Тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашышты. Ошондой эле, район акими ишкананын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, райондун жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.
Маалымат үчүн: 2018-жылы "ИДЕАЛ-ФАРМ" ЖЧКсы медициналык спирт, антисептикалык эритмелер, парфюмерия жана косметика чыгаруучу фармацевтикалык заводду ишке киргизди. Белгилей кетсек, пандемия учурунда компания мамлекетке 6 миллион сом өлчөмүндө антисептикалык спрейлер жана эритмелер түрүндө гуманитардык жардам берген. Ошондой эле 2021-жылдын май айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда калкты колдоо үчүн парфюмериялык -косметикалык каражаттар менен камсыз кылды.