Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, үй-бүлөлөрдү коргоо бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин жана "Кыргызстандын SOS Балдар айылы" өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда шаарда жигердүү маалымат кампаниясын жүргүзүү жана фостердик үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Учурда Бишкек шаарында 6 үй-бүлө бар, аларда 11 бала тарбияланып жатат.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз Фостердик үй-бүлө программасына катышууну кааласаңыз, анда райондордун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылыңыз:
Октябрь району: 510375, 0772637987 - Назгүл Солтонбаева;
Ленин району: 882224, 883899, 0708266216 - Жамиля Эрмекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 - Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 67-03-86, 0500212603 - Джолоева Исада.