Борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги шаарыбыздын жашоочулары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.

Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри  Азамат Сагындык уулу бекитилген графикке ылайык шаардыктарды жеке кабыл алды.

Жолугушууга сегиз шаар тургуну катышты. Алар  жеке турак жай имараттары үчүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, ошондой эле жеңил объектилер үчүн жер тилкесин алуу маселелери менен кайрылышты.

Шаар тургуну А.Орозбаева Ташкент көчөсү, 61 дарегиндеги жер тилкесин мыйзамдаштыруу арызы  менен кайрылган. Ошондой эле, жеке   кабыл алууда  шаар тургуну Р.Өмүрзаков "Ак-Бата" конушунун, 13/10 дарегиндеги жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселесин көтөрдү.

Бардык маселелер боюнча  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу 61-07-33 телефону аркылуу байланышта.

1840, 1850 кыска номерлери аркылуу бардык суроолорду же даттанууларды кабыл алабыз жана фото, видео материалдарды Бишкек шаарынын мэриясынын WhatsApp башкы каналына жөнөтүңүздөр: (0554) 182 185.