№4- мектеп-гимназиясында Республикалык окуучулар арасындагы предметтик олимпиаданын 2-этабынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери сыйланды.
Свердлов районунун администрациясынын башчысы Мурат Осмонов, орун басары Асел Садыкова, Свердлов районунун билим берүү борборунун директору Нурлан Байгулов интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүлөрүн куттукташты.
Олимпиаданын негизги милдети - чыгармачыл изилдөө иш-аракеттерине жөндөмдүү, стандарттуу эмес маселелерди чече алган таланттуу мектеп окуучуларын аныктоо.
Свердлов районунун мектептеринин 9-11-класстарынын 58 окуучусу Ардак грамоталарга жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Анын ичинен 1 орунду 17 адам, экинчи орунду - 18, үчүнчү орунду 23 окуучу ээледи.
Интеллектуалдык таймашты уюштурган мектептерге ыраазычылык каттар тапшырылды.