“Көк-Жар” кичи районунда шаардыктар үчүн дагы бир сейил бак куруу пландалууда.
Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев "Бишкекбашкыархитектура", "Бишкекжашылчарба", "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын, №10- МАБтын кызматкерлери менен биргеликте сейил бакты уюштуруу жана жакшыртуу үчүн пландаштырылган аймакты карап чыкты.
Сейил бактын жакшыртуусун “Сорос-Кыргызстан” Фонду жүргүзөт, муниципалитет бул долбоорду биргелешип каржылоого каражат бөлөт.
Жаңы эс алуу аймагына сугат лотоктору, отургучтар жана таштанды челектери орнотулуп, тротуарлар калыбына келтирилет, тышкы жарыктандыруу орнотулат. Сейил бакты ушул жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Эске салсак, жакында 6-кичи райондун Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн сейил бак курулду.