2021-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда.
Капиталдык курулуш башкармалыгы Билим берүү башкармалыгынын тапшырыгы боюнча, билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерине тендер жарыялайт.
№46- орто мектепте ички жылуулук тутуму оңдолот, ага 976,6 миң сом сарптоону пландаштырылган.
№35- мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ички жылуулук тутуму оңдолот. Сметалык баасы 930,6 миң сомду түзөт.
№66- мектепке чейинки билим берүү мекемесинде сметалык баасы 396,5 миң сомду түзгөн электр жабдуу тутуму оңдолот.
Имараттарды капиталдык оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Торугтар боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg