Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен борбор калаанын жолдорунун курулушун улантууда.
Бүгүнкү күндө, белгиленген мөөнөттөргө ылайык борбор калаанын 32 көчөсүндө график боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатат.
Жолдордун курулушу бир гана асфальт төшөө менен чектелбейт, ага чейин канализация жана суу менен камсыздоо тармактарын, электр жана телефон зымдарын тартуу, ошондой эле башка башкармалыктар жашыл аянтчалардын маселесин иштеп чыгуусу керек. Мындай кырдаалдарга байланыштуу капиталдык курулуш башкармалыгы жолдорду эксплуатацияга берүүнүн мөөнөтүн жылдырууга аргасыз болууда.
Ошондой эле, шаардыктар иш жүргүзүп жаткан жерлерде канализация жана суу түтүктөрүн тартуу үчүн уруксатсыз казууларды жүргүзүшүүдө, бул курулуш иштеринин мөөнөтүн кечиктирип жатат.
Ушул себептерден улам, Ажыбек Баатыр көчөсүн М.Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки жолду пайдаланууга берүү мөөнөтү ушул жылдын 1-июлуна жылдырылды.
Ошондой эле башка көчөлөрдөгү иштин мөөнөттөрү башка уюмдардын ишине жараша дагы бир айга жылдырылышы мүмкүн деген кооптонуу бар.
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы белгиленген мөөнөттөрдү аткаруу үчүн, сапаттуу жумуштарды тапшыруу үчүн өз убагында этап-этабы менен иш алып барууда.