Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы жана Бишкек троллейбус башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте таңкы саат 5: 30дан кечки 23:00гө чейин иштөөдө.

11 линияда 102 автобус каттамы иш алып барууда:

- № 6 "Ак-Ордо - Тунгуч";
- № 7 "Дача - Аламүдүн-1";
- № 8 "Орок - Ош базары";
- № 18 "Маевка айылы - Кызыл-Туу";
- № 21 "Бакай-Ата - Биримдик";
- № 22 "Дордой - Үмүт";
- № 36 "Ак-Ордо - Өскөн-Ордо";
- № 38 "110 квартал - Аламүдүн-1";
- № 42 "12 кичи район - Ала-Тоо";
- № 46 "Дордой - Чоң-Арык";
- № 48 "Батыш автобекети - Чыгыш автобекети" (Айланма).

Шаардыктар үчүн төмөнкү маршурттар боюнча 138 троллейбус иштейт:
- №2 - "Эт комбинаты" - "Аламүдүн-1" кичи району;
- №4 - "Эт комбинаты" - Булгаарызаводу ";
- №5 - "Тунгуч" - "Жал" кичи району;
- №6 - "8-кичи район - Батыш автобекети";
- №7 – “Ош” базары - Тунгуч кичи району;
- №8 - Чыгыш автобекети - "Айыл чарба институту";
- №9 - "Айыл чарба институту -" Аламүдүн-1 "кичи району;
- №10 - "Фрунзе заводу -" Асанбай "кичи району;
- № 11 - "Асанбай" кичи району - Чыгыш автобекети ";
- № 14 - "Жал" кичирайону - Киркомстром ";
- № 17 - "Булгаарызаводу -" Асанбай "кичи району.

Бүгүнкү күндө линияда 1 миң 528 кичи автобус каттамга чыкты.