26-июнда белгиленип жаткан Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата борбор калаада маалымат өнөктүгү жүрүүдө.

Кыйноолорго каршы коалиция 26-июнга чейин созулуучу жылдык маалымат кампаниясын баштайт.

Акциянын алкагында уюштуруучулар бир катар маанилүү жана кызыктуу иш-чараларды пландашты. Алардын бири – күн сайын саат 15:00дөн 18:00гө чейин "Азия Молл" соода борборунун көчө аянтчасында боло турган акысыз юридикалык кеңештин декадасы.
Тажрыйбалуу  юристтер жана адвокаттар баарына сапаттуу кеңеш беришет.

Кыйноолорго каршы коалиция - бул 13 адам укугун коргоочу уюмдун жана жеке  2 адамдан турган бейрасмий тармак . Алар Кыргызстандын аймагында  кыйноолордон эркиндикти жайылтуу боюнча иш алып барышат.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр! Сиздерден өзүңүздүн ден-соолугуңузду сактоо үчүн жоопкерчиликти алууңуздарды суранабыз. Бет кап тагынып, антисептик каражаттарын колдонуп, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!