Өткөн ишемби күнү борбор калаанын вице-мэри Сагындык уулу Азамат Биринчи май районунун “Мурас-Ордо” конушунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыров, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шайлообек Арынов катышты.

Жаңы конуштун тургундары менен"Бишкек шаарынын көчө - жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (фаза-2) алкагындагы жолдорду, дренаждык тармактарды куруу маселелери жана эң негизгиси - 550 орундуу курулуп бүтө элек орто мектептин чатырын жабуу маселеси талкууланды.

Ошондой эле вице-мэр жаңы конушта  оңдолгон жолдун курулушу менен таанышты. Жолугушуунун жыйынтыгында Сагындык уулу Азамат мектептин чатырын куруу иштерин баштоону тапшырды.

Ушул жумада тендер жарыялоо пландалууда. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына дренаж тутумунун курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.