Борбор калаабыздын жашылдандыруучулары эмен бактарынын “ден-соолуктары” үчүн күрөшүүдө.
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан таарычыл зыянкечтердин популяциясын азайтуу максатында эмен бактарын дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Эмен бактарындагы зыянкечтердин санын азайтуунун натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп май айынын башталышында илинген чапталма тузактар эсептелет.
Мындай чапталма тузактар Манас проспектисинде, Эркиндик бульварында, Дубовый сейил багында, Панфилов, Тоголок Молдо көчөлөрүндө, Чүй проспектисинде жана Жаш Гвардия бульварында таарычыл зыянкечинен зыян тарткан эмен бактарына илинди.
Бул тузактар зыянкечтерди атайын өңү менен өздөрүнө тартып алат. Тузактар колдонууда абдан жонөкөй жана эң манилүүсү экологиялык жактан таза. Учурда чапталма тузактар жакшы натыйжа берүүдө жана өзүнө көп зыянкечтерди тартып алууда.
Эмен бактары Бишкек шаарынын пайда болушунун жана өсүшүнүн түздөн-түз күбөлөрү болуп саналат. Кээ бир эмен бактары 150 жыл, ал эми эң жаш эмен багы 129 жыл жашап келет. Алардын бардыгы Дубовый сейил багында шаардыктарды кубандырып турат.
Эмен багы – күчтүү, бекем, бутактуу кронасы менен көп жалбырактуу бак. Алардын арасында бийиктиги 40 метрге, ал эми өзөгүнүн диаметри 2 метрге чейин жете турган түрлөрү кездешет. Эзелтеден бери эле эмен багы Бишкек шаарынын сейил бактарынын, аллеяларынын, көчөлөрүнүн көркүнө көрк кошуп келет.
“Бишкек жашыл чарба” МИнин маалыматы боюнча Бишкек шаарынын аймагында жашы 100 жылдан ашкан 39 даана эмен багы бар.