Сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Финансылык-экономикалык тутум экономиканын эң татаал жана ошол эле учурда негизги тармактарынын бири болуп саналат.
Сиздердин ар бириңиздердин аткарып жаткан ишиңиздер Бишкек шаары үчүн өтө маанилүү. Салмактуу жана туруктуу бюджетти камсыз кылуу жана көмүскө экономика менен күрөшүү, заманбап санарип технологияларын киргизүү жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү сиздердин милдетиңиздердин бири.
Каржы тармагында иштеген биздин кесипкөй, жоопкечиликтүү кызматкерлерибиздин талыкпаган эмгегинин натыйжасында борбор калаабыз өнүгүүгө багыт алып, көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып, каржылык туруктуулук камсыз болуп жатат.
Сиздердин Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошуп жаткан зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, ачык асман, бакубат турмуш жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!