Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, борбор калаада Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабында жолдорду оңдоо иштери улантылууда.

Учурда "Арча-Бешик", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо", "Жеңиш", "Ак-Босого", "Эне-Сай", "Ак-Тилек", "Учкун" жана "Ынтымак"  жаңы конуштарында узундугу 26 чакырым жолдо оңдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоордун экинчи этабында жаңы конуштарга 34,1 км жол курулат.

Жалпысынан быйыл 44 көчөнү, 2022-жылы 16 көчөнү оңдоп бүтүрүү пландалууда.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү"  долбоорунун  экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо, аянты 630 миң чарчы метр жол катмарын алмаштыруу жана 130 чакырым тротуар куруу, 46 миң ирригацияны алмаштыруу пландалууда.

Урматтуу шаар тургундары! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.