Борбор калаада Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы 15-майдан 15-июнга чейин "Биздин балдар - планетанын келечеги!" деген ураан менен "Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлык өткөрүү жөнүндө" буйрук чыгарды.
Бир айлыктын алкагында шаардык саламаттыкты сактоо уюмдары көрсөтмөлөргө ылайык, кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынын алкагында турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды, баш калкалоочу жайларда, интернаттарда жашаган балдарды акысыз тереңдетилген медициналык кароодон өткөрүп, муктаж болгон дары-дармектер менен камсыздашат.
Шаардын муниципалдык администрациялары, райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте шаардын базарларында кароосуз калган жана иштеген балдарды аныктоо боюнча иш-чараларды уюштурду. Профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына ылайык, акысыз тереңдетилген медициналык кароодон өткөрүү жана эмдөө, ошондой эле жардамга муктаж балдар үчүн тиш доктурлар жардам берет.
Балдарга медициналык жардамды Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы, төрт бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, беш стоматологиялык клиника, шаардык кургак учуктун алдын алуу жана калыбына келтирүү борбору жана балдарды жана үй-бүлөнү калыбына келтирүү адистештирилген борбору көрсөтөт.
2021-жылдын 1-кварталындагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 3203 бала, 123 жетим бала каттоодо турат, турмуштук оор кырдаалга туш болгон 99 бала текшерүүдөн өттү.
Белгилей кетсек, Шаардык статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында жаш балдардын калкынын саны 2021-жылдын июнь айына карата 332,8 же жалпы калктын 33% түзөт.