Бишкек шаарынын мэриясында борбордун вице-мэри Виктория Мозгачеванын көчө жана короо спорт лигасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Дүйнөлүк воркаут жана стритлифтинг федерациясынын президенти Денис Минин, Дүйнөлүк воркаут жана стритлифтинг федерациясынын вице-президенти Гауранитай Шулика, “Эл аралык воркаут машыгуу” иш-чарасынын уюштуруучулары, Кыргыз Республикасынын көчө жана короо спорт лигасынын аткаруучу директору Батырбек Сыдыгалиев, «Инновация» коомдук фондунун аткаруучу директору Темирлан Касымов жана долбоордун башкы менеджери Нуржигит Асанов катышты.
Тараптар бишкектиктердин сергек жашоосун чыңдоо жана балдардын, өспүрүмдөрдүн жана улуу муундун арасында массалык спортту өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын келечегин талкуулашты. Шаардын спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуунун, жогорку класстагы адистерди тартуу менен семинарларды жана тренингдерди үзгүлтүксүз уюштуруунун, ошондой эле бул багыттар боюнча эл аралык тажрыйба алмашууну чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Көчө жана короо спорт лигасы, “Инновация” коомдук фондунун Дүйнөлүк воркаут жана стритлифтинг федерациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 5-июнда Ден соолук паркында саат 09:00дөн 12:30га чейин ачык машыгуу өткөрөт. Иш-чаранын программасында "Дени сак жашоо образы" деген темада мастер-класстар, сынактар жана семинар камтылган.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерди иш-чарага катышууга чакырабыз. Келиңиздер, кызыктуу болот! Бардык керектүү санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоону суранабыз.