Урматуу шаардыктар! Маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда.

Бишкек шаарында "Үмүт булагы" коомдук фонду берген автобустар каттап баштады. Жалпысынан фонд 20 автобус менен камсыз кылат, он автобус каттамга чыкты, жакында дагы ону иштей баштайт.

Автобустардын бир бөлүгү Ак-Ордо жаңы конушу - Б.Алыкулов көчөсү - Чүй проспектиси -  Ауэзов көчөсү -  Анкара көчөсү - "Рухий Мурас" жаңы конушу маршруту боюнча иш жүргүзөт. Ал эми калган бөлүгү: Манас проспектиси - Чүй  проспектиси-  Ч. Валиханов көчөсү -  Сухэ-Батор көчөсү - Түштүк магистраль маршурту боюнча.

«Аалам Строй» ЖЧКсы 132-маршрут боюнча жүрүүчү 2 туруктуу маршруттук такси менен камсыз кылды.
Бардык уюмдарга бизди колдогонуңуздар үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.