Т.Молдо атындагы №71- мектеп-интернаттын 40 окуучусу таанышуу максатында "Манас" эл аралык аэропортуна барып, эстелик белектерге ээ болду.
"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому Т.Молдо атындындагы №71- мектеп-интернатынын 3 бүтүрүүчүсүнө колдоо көрсөтөт.
“МЭА” ачык акционердик коому Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте авиацияга байланыштуу кесип тандоону каалаган мектеп-интернаттын үч бүтүрүүчүнү тандап алат. "Манас" аэропорту окуусун аяктаган соң аэропортко жумушка орношуу менен, И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиациялык Институтунда техникалык кесиптер боюнча билим алган окуу үчүн акы төлөөгө даяр.
Бакыт Шаршеев өз сөзүндө, жетим балдарды багуу жана жумушка орноштуруу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун артыкчылыктуу программаларынын бирине киргендигин белгилеп, бул кадамдар башка компаниялар үчүн жакшы үлгү болот деп ишенет.
Өз кезегинде Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева «МЭА» ачык акционердик коомунун идеясын колдоду.
«Жетим балдарды камсыздоо чындыгында олуттуу социалдык маселе. Аны мамлекеттик органдардын жана коомдун камкор өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү менен чечүү биздин башкы милдетибиз. «МЭА» ачык акционердик коому менен биргеликте биз жетим балдар үчүн жакшы натыйжаларга жетишебиз деп ишенем », - деп билдирди.