Ыктыярдуу элдик кошуундар жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн, маршруттук таксилердин айдоочуларынын жана учурда шаар тургундарын жеткирүүгө жардам берип жаткан ыктыярдуу айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылышат.
Борбор калаанын көчөлөрүндө тартип сакчылары тарабынан кайтаруу күчөтүлдү. Мындай чаралар маршруттук таксилер менен болгон абал жөнгө салынмайынча күчүндө болот.