"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жылытуу тутумдарын келе жаткан жылытуу мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүүдө.
Биз, Айни көчөсүндөгү тартылган жылуулук тармактарын Муромский көчөсүнөн тартып Көркөм академиянын аймагына чейин жолду  жарым-жартылай тосулушу менен алмаштыра баштадык.

1978-жылы курулган жылуулук тармагынын бөлүгү 1 турак жана 1 турак эмес жайды, №131-балдар бакчасын жана Көркөм сүрөт академиясын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат. Диаметри 50дөн 200 ммге чейин  жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн түз жана кайтарым түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздайт.
Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.