Урматтуу шаардыктар! Маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда, борбордун муниципалдык коомдук транспорту дагы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100- маршрут каттамы менен иштейт. "Алга" футболдук клубунан 18 орундуу автобус жана «Оптима» банкы берген унаалар №214- маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү ташууда. №240 каттам боюнча Батыш автобекетинен 2, «Мадина» базарынан 2 автобус убактылуу каттап жатышат. Биздин шаар тургунубуз берген автобус №211- маршрутту менен катоодо. Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү, Чүй жана Манас проспектилери боюнча, борбор калаанын активисттери тарабынан берилген 4 автобус шаар тургундарына жеткирүүдө.

Сиздердин колдооңуздар үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.