Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында башчынын орун басары Мавлян Аскарбековдун төрагалыгы астында МАБтын башчылары жана райондук кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары менен кезектеги пландык жыйын өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышын алдын алуу жана “Бишкекжарык”муниципалдык ишканасы тарабынан райондун аймагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар каралды.

Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунуну директоруна муниципалдык администрацияга тиешелүү маалыматтарды берүү менен күн сайын калк арасында коронавирус инфекциясын жуктуруп алуусун көзөмөлдөө жана анализдөө тапшырылды.

Экономика жана финансы бөлүмүнө Турак жай-коммуналдык чарба департаменти менен биргеликте, "Бишкекжарык" МИ, Батыш райондук электр тармактары, Биринчи май РИИБ, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын, МАБтын кызматкерлеринин катышуусунда шаардын борбордук бөлүгүндө жана сейил бактарда, скверлерде, Эркиндик бульварына өзгөчө көңүл буруу менен мыйзамсыз туташкан тармактар боюнча комиссиялык рейддерди уюштурат.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы  МАБ районунун шартында 2021-жылга карата өндүрүштүк программага ылайык иш планынын графигин камсыз кылуу, ошондой эле Ч.Айтматов-Чүй-Манас-Б.Баатыр-Ю.Абдрахманов маршруту боюнча велосипед жолунда тышкы жарыктандыруу кандай иштеп жаткандыгын текшерүү тапшырылды.