Ленин районунун башчысынын салтка айланган район аймагын жөө кыдыруу боюнча иши улантылууда.
Мелис Өскөмбаев Фучик көчөсүнүн боюна жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короо аймактарын кыдырып чыкты.
Ал көп кабаттуу үйлөрдүн короо аянтчаларынын санитардык абалын текшерип, ошондой эле аталган көчөнүн аймагын көрктөндүрүү маселелерин талкуулады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында район башчысы «Тазалык» муниципалдык ишканасына ирригациялык тутумду таштандылардан тазалоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле, №1- МАБтын башчысына короолордо ишембилик уюштуруу боюнча көрсөтмөлөр берилди.