Урматтуу шаардыктар! Маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын борбордук аппараттын кызматкерлери шаар тургундарын өз унаалары менен дагы ташууда.
Муниципалитеттин кызматкерлери №214- каттам менен жүрүүдө. Бардык унааларда маршруту жазылган белгилер илинген.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Сиздер дагы четте калбай, жеке транспорту жок адамдарга көздөгөн жерине жетүүгө жардам берүүңүздөрдү суранабыз!