Урматтуу шаардыктар! Маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу борбор калаада шаар тургундарын бекер ташыган автобустар ишке киришти.
Автобустарды эл аралык "Манас" аэропорту, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана "Дордой" ассоциациясы камсыздашты.
Сиздердин колдооңуздар үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кырдаал жөнгө салынмайынча, автобустар шаардыктарды №100- автобус каттамы менен ташыйт.
Ошондой эле линияда 110 автобус жана 141 муниципалдык троллейбус бар.
Урматтуу менчик ээлери, такси кызматтарынын жетекчилери жана жеке такси менен алектенген жарандар, сиздерди кызматтарыңыздын тарифтерин көтөрбөөгө чакырабыз!
Азыр шаардыктарга көздөгөн жерине жетүү кыйынчылык жаратууда. Райондук администрациялардын жардамы менен шаардыктарды акысыз ташууну уюштурдук, троллейбустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Сиздерден түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз.
Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.